Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери жолугушту

28-октябрда Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаевдин жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Жолугушууда электр энергиясын өз ара жеткирүү жана транзиттөө, Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты