ТИМ Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча сүйлөшүүдө
- 4 дня мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Оман менен кыргыз жарандар үчүн эвакуациялоо каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Министрлик маселени тынымсыз көзөмөлдө кармоодо жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берерин кошумчалады.
“Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз” деди Тышкы иштер министрлиги.
Кыргыз Республикасынын (КР) Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аэропортторунда калып калган Кыргыз Республикасынын жарадарынын маселеси да талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: КР ТИМ




