Акунбеков Россия менен балык чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү белгиледи
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстан менен Россиянын өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2025-жылдын аягына карата 4 млрд долларга жакындаган. Ал эми, айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын соода жүгүртүүсү 652,3 млн долларын түзгөн.
Бул тууралуу 3-ноябрда Москва шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россияга жумуш сапарынын алкагында, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушуу учурунда айтылды.
Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-орус экономикалык форумдарынын ролу чоң.
Эрлист Акунбеков балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү белгиледи.
“Балык чарба тармагындагы Россиянын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалайбыз, ошол себептүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Туруктуу, жергиликтүү тоют базасын түзүү биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Россиянын өзгөчө экономикалык аймагынын чегинде суу биологиялык ресурстарын чогултуу үчүн Кыргызстанга жыл сайын квоталарды камсыз кылууда колдоону күтөбүз” деди Акунбеков.
Бул багытта эки биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун негизи катары каралды: жылына 78 миң тоннага чейин балык кармоо максатында, суудагы биологиялык ресурстарды кармоо жана кайра иштетүү боюнча кыргыз-орус ишканасын түзүү, 2035-жылга карата балык өндүрүшүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүү жана 1500гө чейин жумуш ордун түзүү максатында, Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү.
Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев Кыргызстандын мал чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ Россиядан бодо малды импорттоо сүйлөшүлүп, Кыргызстанга 20 миң башка чейинки бодо малды жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгү каралды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




