Кыргызстандын Улуттук электр тармактар ишканасына башкы директор дайындалды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директорлугуна Рустам Сакиев дайындалды.

Бүгүн, 13-ноябрда, энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчини компаниянын эмгек жамаатына тааныштырды.

Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов башкы директорго ишинде ийгиликтерди каалап, алдыга коюлган милдеттерди аткарууда компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара тыгыз жана натыйжалуу кызматташуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Рустам Сакиев 2011-жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагында эмгектенип келет. Ал Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Электр менен жабдуу» адистиги боюнча аяктаган. Көп жылдык кесиптик ишмердүүлүгүндө өзүн электроэнергетика тармагында терең билими жана практикалык тажрыйбасы бар, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу адис жана жетекчи катары көрсөтө алган.

«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, электр тармактарын эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана өнүктүрүү иштерин жүзөгө ашырган компания.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты