УКМКнын экс-биринчи орун басары жана экс-саламаттык сактоо министри эки айга камакка алынды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шектелген УКМКнын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык мактоо министри, мурдагы УКМК кызматкери Каныбек Досмамбетов эки айга, 9-ноябрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды.

Аскер прокуратурасы экс-саламаттык сактоо экс-министри, мурдагы УКМК кызматкери Каныбек Досмамбетов жана УКМК төрагасынын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалганын тастыктады.

Буга чейин экс-саламаттык сактоо экс-министри, УКМКнын экс-кызматкери Каныбек Досмамбетов жана УКМК төрагасынын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалганын бир катар ЖМК күч структураларындагы өздүк булактарынын айтымында билдирди.

Аларды Аскер прокуратурасы коррупцияга шектүү катары кармагандыгы айтылган.

Каныбек Досмамбетов 2026-жылы 24-февралда өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан кеткен. Саламаттык сактоо министри болуп Каныбек Досмамбетов эки айча элеиштеген. Ал эми саламаттык сактоо министрине чейин Досмамбетов Жалал-Абад УКМК башкармалыгын жетектеген.

Курванбек Авазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп 2024-жылы дайындалган. 8 ай мурда, экс-төрага Камчыбек Ташев кызматтан алынгандан кийин, үч орун басары да, бошотулган. Анын ичинде Курманбек Авазов да кызматтан алынган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты