Аскер прокуратурасы УКМК органдарынын мурдагы кызматкерлери кармалганын тастыктады
- 2 дня мурун
- Жаңылыктар
Аскер прокуратурасы экс-саламаттык сактоо экс-министри, мурдагы УКМК кызматкери Каныбек Досмамбетов жана УКМК төрагасынын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалганын тастыктады.
«Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады. КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкерлери Д.К. жана А.К. кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө» деп айтылат Аскер прокуратурасынын маалыматында.
Буга чейин экс-саламаттык сактоо экс-министри, УКМКнын экс-кызматкери Каныбек Досмамбетов жана УКМК төрагасынын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалганын бир катар ЖМК күч структураларындагы өздүк булактарынын айтымында билдирди.
Аларды Аскер прокуратурасы коррупцияга шектүү катары кармагандыгы айтылган.
Каныбек Досмамбетов 2026-жылы 24-февралда өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан кеткен. Саламаттык сактоо министри болуп Каныбек Досмамбетов эки айча эле иштеген. Ал эми саламаттык сактоо министрине чейин Досмамбетов Жалал-Абад УКМК башкармалыгын жетектеген.
Курванбек Авазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп 2024-жылы дайындалган. 8 ай мурда, экс-төрага Камчыбек Ташев кызматтан алынгандан кийин, үч орун басары да, бошотулган. Анын ичинде Курманбек Авазов да кызматтан алынган.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




