Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан кетти
- 2 недели мурун
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Досмамбетовдун кызматтан бошотулган себеби айтылган жок.
Буга чейин социалдык тармактарга 23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев деп айтылган адам менен дагы бир кишинин аудио сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда ал киши Таймурас Ташиев менен ал кезде УКМКнын Жалал-Абад облустук башчысы болуп турган, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов экөөнө ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, ал эми заводду бузуп кетем десе да, бербей койгонун билдирген. Таймурас Ташиев ага бир миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун айткан.
Каныбек Досмамбетов аталган аудио сүйлөшүү боюнча пикирин билдире элек.
Бүгүн Бакыт Төрөбаев да президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулду.
Досмамбетов Каныбек мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп эки ай мурда эле дайындалган.
Сүрөттө: Каныбек Досмамбетов. Интернет булактарынан




