УКМК төрагасынын үч орун басары кызматтан бошотулду
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору Элизар Сманов кызматынан бошотулду.
Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Даниэл Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




