Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Досмамбетов Каныбек мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка 24-декабрда Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Каныбек Досмамбетов дайындоого макулдук берген.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




