УКМК төрагасынын экс-орун басары жана экс-саламаттык сактоо министри кармалганы кабарланды

Саламаттык сактоо экс-министри Каныбек Досмамбетов жана УКМК төрагасынын экс-биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалганын бир катар ЖМК күч структураларындагы өздүк булактарынын айтымында билдирди.

Аларды Аскер прокуратурасы коррупцияга шектүү катары кармаган.

Каныбек Досмамбетов 2026-жылы 24-февралда өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан кеткен. 23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев деп айтылган адам менен дагы бир кишинин аудио сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда ал киши Таймурас Ташиев менен ал кезде УКМКнын Жалал-Абад облустук башчысы болуп турган, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов экөөнө ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, ал эми заводду бузуп кетем десе да, бербей койгонун билдирген. Таймурас Ташиев ага бир миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун айткан. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп Каныбек Досмамбетов эки айча эле иштеген. Ал эми саламаттык сактоо министрине чейин Досмамбетов Жалал-Абад УКМК башкармалыгын жетектеген.

Курванбек Авазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп 2024-жылы дайындалган. 8 ай мурда, экс-төрага Камчыбек Ташев кызматтан алынгандан кийин, үч орун басары да, бошотулган. Анын ичинде Курманбек Авазов да кызматтан алынган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты