УКМК “Клооп Медиа” боюнча маалымат берди

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Клооп Медиа” коомдук фонду жоюлуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган деп билдирди.

“Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, мурдагы «Клооп Медиа» коомдук фондунун жетекчилери өлкөдөн сырткары жүргөндө ар кандай артыкчылыктар жана каржылык сый акылардын эсебинен жаш журналисттерди тартууну уюштурушкан» деп айтылат маалыматта.

«Ал эми негизги демөөрчүлөр чет өлкөлүк уюмдар болгон. Мамлекеттик башкаруу органдарынын кадырын кетирүү максатында социалдык тармактарда дезинформациялык мүнөздөгү макалаларды жана постторду жарыялоо туруктуу негизде даярдалып,»Клооп Медиа» коомдук фондунун мурдагы уюштуруучуларына берилип, алар “Temirov Live” ютуб-каналынын негиздөөчүсү Темиров менен бирге монтаждоону жана андан ары жарыялап турушканы айтылат. Мындан тышкары, журналисттерди каржылоо жана эмгек акы төлөө тартиби “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен жүргүзүлгөн. Бул иш-чаранын башка катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштердин мыйзамсыздыгынын негиздери түшүндүрүлүп, андан соң алар мыйзам талаптарын бузууну моюнга алып, мурдагы “Клооп Медиа” фонду менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада беришти” деп айтылат УКМК басма өз кызматынын маалыматында.

29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкен.  

Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин Абдил Төрөбаев журналисттик кызматка тиешеси жок экенин, текст да жазбаганын, видео тасма да тартпаганын билдирди.

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.

Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.  

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.

Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген журналисттеринин ар бирине иликтөөчү журналист Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү аркылуу ай сайын 500-800 доллар берип, заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасында «Клооп» басылмасы жана суракка алынган журналисттер тууралуу жооп берип, суракта болгон журналисттер менен байланышы жок экенин билдирген.

«Мен «Клоопко» сый-урмат менен мамиле кылам. Бул медиа — өзүнүн чоң тарыхы жана коомдо репутациясы бар көз карандысыз басылма. Биз буга чейин чогуу иликтөөлөрдү жасап келгенбиз. Азыр «Клооптун» башына оор күн түшүп турганда, мен аларга толук тилектештигимди билдирүүдөмүн. Бирок УКМК кармаган балдар менен эч кандай байланышым жок. Көпчүлүгүн жеке тааныбайм дагы. Мен эч кимге буйрук (тапшырма) бербейм, эч кандай команда менен иштебейм, эч кимге акча төлөбөйм. Бардык иликтөөлөрдү өзүм жасайм. Кээ бирлерин башка көз карандысыз редакциялар менен, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен чогуу ишке ашырам» деди Болот Темиров.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы. «Клооп» техникасы

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты