Бишкекте жасалма документтерди даярдоо боюнча чет өлкөлүк эки жаран кармалды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкекте документтерди даярдоо жана пайдалануу боюнча чет өлкөлүк эки жаран кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 1-октябрында чет мамлекеттин эки жараны — 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. кармалды.
Карамлгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




