Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн адиси кармалды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аламүдүн филиалынын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн адиси А.Б. кылмыш үстүндө кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 29-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражатын алып жаткан учурда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аламүдүн филиалынын Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн адиси А.Б. кармалды.
Кармалган А.Б. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК




