УКМК: Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын кызматкери кармалды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу «кара металл» деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөргөн.

Мындан тышкары, жүктү бажылык тариздөө учурунда Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) туура эмес коду колдонулган. Натыйжада, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй калып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты