Экзаменден өтпөгөндөргө жана окубагандарга айдоочулук күбөлүк берүү фактылары аныкталды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК0 басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып, 40 миң сомдон 150 миң сомго чейинки акчалай сый акы үчүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланган.
«Айдоочулук курамдын реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына архивдик документтерге туура келбеген маалыматтарды санариптештирүү жолу менен киргизип келишкени аныкталды.
Кийинчерээк киргизилген маалыматтар «Түндүк» маалыматтык системасында чагылдырылып, анын негизинде кызыкдар жарандар иш жүзүндө мурда ээ болбогон документтерин жоготкондугу тууралуу арыз жазуу аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдү (пластикалык карталарды) алышкан.
Мындан тышкары, теориялык экзамендерди бир нече жолу тапшырууга аракет кылып, бирок ийгиликсиз болгон, ошондой эле автомектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаты жок адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү фактылары аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен бөлүмүнүн кызматкери А.у.Н. жана ортомчу катары иш алып барган А.С.С. кармалды жана УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК




