УКМК: “Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) беренеси боюнча сыртынан айып тагылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)  басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги боюнча айып тагылууда.

Габбазов  улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында Сапар Исаков жана айрым саясатчылар отурган унаага ок тийген.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Габбазов жана Камчы Көлбаев аффилацияланган жактар менен бирге Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Габбазов менен Камчы Көлбаевдин  ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталгандыгы да маалымдалды. Габбазов Бишкектин жайлуу аймактарынын биринде жайгашкан, мурда Камчы Көлбаевдин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батир, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алгандыгы да белгиленди.

УКМК Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын да кабарлады.

Буга чейин УКМК мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кымбат баалуу унаа бергени аныкталганын билдирген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 2020-жылы 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Сапар Исаков менен Албек Ибраимовду бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты