Өспүрүм тоодо адашып кеткенин айтып, өзү ӨКМге чалган. 14 жашар Амир Кунакуновдун сөөгү табылды

9-ноябрда Адигине капчыгайында, Электро аттуу чокуда таштардын арасынан 14 жашар Амир Кунакуновдун сөөгү табылды. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де өспүрүм «112» номуруна чалып, Адыгине чокусунан түшүп келе жатып, адашып кеткенин билдирген. Тоодо байланыш начар болуп, мааалыматты саат 22де гана ал жактагы куткаруучуларга берүүгө мүмкүн болгон. Куткаруучу топ экиге бөлүнүп, бири туристтерди куткарса, экинчи топтогу үчөө Электро чокусуна өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.

Жакындарынын айтуусу боюнча, Амир 7-ноябрда эртең менен, саат 7ге жакын Ала-Арча капчыгайында чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн чыгып кеткен. Аны жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырышкан эмес, өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка бет алган.

8-ноябрда ӨКМ куткаруучулары жана альпинисттер өспүрүмдүн рюкзагын табышкан. 9-ноябрда саат 16ларда Ала-Арча капчыгайынын Электро чокусунда таштардын арасынан Амир Кунакуновдун сөөгү табылган.

Амир Кунакунов — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакуновдун уулу. Максат Кунакунов 2015-жылы бир нече эпизоддор боюнча айыпталып, акырында бир эпизод боюнча кунөөлүү деп табылган. 2015-жылы террордук топ Горький жана Панфилов көчөлөрүндө “Альфа” атайын отряды менен атышкан. Террордук топту ал кездеги депутат Максат Кунакунов курал-жарак жана акчалай каражат менен камсыздап турган деп сотто айыпталган. Кунакунов он жылга эркинен ажыратылган. Ал эми террордук топтун мүчөлөрү дегендер да узак мөөнөткө кесилген. Мурдагы депутат Кунакунов өзүнө коюлган айыптоону четке каккан.

Максат Кунакунов — экс-мэр Албек Ибраимовдун жээни.

Максат Кунакунов абактан мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыккан. Жакында алдамчылыкка шектүү катары тергөө абагына камалган. Үй-бүлөсү Максат Кунакуновду уулу менен коштошуу үчүн абактан убактылуу чыгарууну суранып, президентке кайрылуу жасады.

ӨКМдин маалыматы боюнча, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында 14 жашар Амир Кунакуновду издөө-куткаруу иштеринин хронологиясы:

-2026-жылдын 7-ноябрында саат 19:02де «112» кызматына 2011-жылы туулган өспүрүм чалып, ал Адыгине чокусунан түшүп келе жатып жолдон адашып калганын билдирген. Диспетчер өспүрүм менен сүйлөшүп, маалыматты кабыл алган соң, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (ГЦПС) ыкчам нөөмөтчүсүнө өткөрүп берген;

-Маалымат түшкөндөн кийин ыкчам нөөмөтчү тоодо адашкан өспүрүм менен байланышып, анын жайгашкан жерин тактаган. Алынган маалыматтарга ылайык, адашкан өспүрүм Электро чокусунун аймагында экени аныкталган;

-Бул учурда нөөмөттө турган «Эдельвейс» куткаруучулар тобу «Рацек» алачыгынын аймагында болуп, башка жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жаткан;

—7-ноябрда саат 22:00дө «Рацек» алачыгынын аймагында жүргөн куткаруучуларга өспүрүмдүн дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат жеткен. Буга чейин тоолуу аймакта байланыш сигналы жок болгондуктан, куткаруучулар тобу менен байланышып, маалыматты жеткирүү мүмкүн болгон эмес. «Рацек» алачыгынын аймагынан ылдый түшүү болжол менен эки саатка созулгандыктан, издөө иштерин баштоо үчүн тиешелүү жерге жетүүгө убакыт талап кылынган;

-«Рацек» алачыгынын куткаруучулар тобу экиге бөлүнгөн. Үч куткаруучу дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө багыт алса, калган куткаруучулар башка жаранды эвакуациялоо иштерин улантышкан. Түнкү саат 00:00 чамасында куткаруучулар Электро чокусун көздөй издөө иштерине чыгышкан;

-Издөө-куткаруу иштери 7-ноябрдан 8-ноябрга караган түнү башталып, 8-ноябрь күнү бою улантылган. Издөө иштерин күчөтүү максатында 8-ноябрда кошумча куткаруу бөлүмдөрү тартылган. Ошондой эле издөө иштери тик учак, учуучу аппараттардын (дрондордун) жардамы менен улантылды;

—Бүгүн, 9-ноябрда, болжол менен саат 16:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан Электро чокусунун аймагынан 2011-жылы туулган Амир Кунакуновдун сөөгү табылды. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүмдүн сөөгү таштардын арасынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, өлүмдүн себеби дененин катуу үшүп кетиши болушу мүмкүн.

Сүрөттө: Амир Кунакунов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты