Тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам күчүнө кирди

  • 4 месяца мурун

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өзүнчө токтом менен бекитиши керек экенин билдирген. Анын негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды. Андан кийин анын камак мөөнөтү узартылды.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты