Бишкек, Ош мэрлеринин, жергиликтүү башчылардын жылына эки жолу эл менен жолугушуу өткөрүүсү мыйзам менен бекитилди
- 1 неделя мурун
Садыр Жапаров «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 2-июлда кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Аларга ылайык Бишкек жана Ош шаарлардын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын (акимдердин) калк менен жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында милдеттүү жолугушууларды өткөрүү милдети белгиленүүдө.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




