Жол кыймылынын коопсуздугун бузгандарга жаза катуулады. Мыйзамга кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен кылмыш-жаза кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
— Мас абалындагы адамдын автомототранспорт каражатын айдоосуна жол берүү боюнча каралган кылмыштар боюнча сот тарабынан милдеттүү түрдө кошумча жаза дайындоону транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу катары киргизүү;
-Мас абалында транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча каралган кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга пробациялык көзөмөлдү колдонууну алып салуу;
-транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
-мурда укук бузгандыгы үчүн жаза чарасына тартылган адамды, мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн белгилүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчгө чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жоопкерчиликти киргизүү:
2) Укук бузуулар жөнүндө кодекске: -транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жаза чарасынын түрүн алып салуу;
-транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчилик киргизүү;
-жыл ичинде кайталанып жасалган автохулигандык үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү;
-кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кеткендиги үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү
-кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кеткендиги үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти киргизүү;
-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
-жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу жыл ичинде кайталанып жасалгандыгы үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү ж.б.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




