Активист Афтандил Жоробеков кармалганы кабарланды

  • 5 месяцев мурун

Активист Афтандил Жоробеков кармалды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасында жазды.

Буга чейин Жоробеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын билдирген.

-Бул жолу бүгүн мени Бишкек ИИБге чакырышыптыр.  Мен коркпойм, акырына чейин барам Биз желекти сактап калабыз. Эгер мени кармап калса, 9-декабрда, саат 11ден 13кө чейин чыга бергиле. Менин жардамчым желек таркатат, деди Жоробеков.

2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты