Геологиялык парктар жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган
Мыйзам геологиялык парктардын (геопарктардын) улуттук тармагын түзүү үчүн өз алдынча укуктук базаны түзүү, уникалдуу геологиялык объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана туруктуу туризм аркылуу региондорду өнүктүрүүгө дем берүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам геопарктарды түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле геологиялык парктардын (геопарктардын) аймактарын коргоонун жана пайдалануунун режимин белгилейт.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




