Референдум жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 4 недели мурун
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын28-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жана президент тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган Конституцияга ылайык келтирүү болуп саналат.
Конституциялык мыйзам менен референдумду демилгелөө, дайындоо, өткөрүү жана жыйынтыктоо боюнча укуктук жол-жоболорду өркүндөтүү, референдумга жарандардын катышуусунун укуктук кепилдиктерин бекемдөө, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүү (идентификациялоо, добуш берүү, аралыктан добуш берүү, шайлоо бюллетени) ж.б. каралды.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




