Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мыйзам өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бирин – тууну жакшыртуу максатында кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты