Климаттык ишмердик жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Жапаров «Климаттык ишмердик жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 20-майыннда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, талаптарын, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү каржылоонун негиздерин түзүүгө, мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүнү көздөйт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




