Президенттин басма сөз катчысы тууну өзгөртүү мыйзамы качан күчүнө кирери тууралуу түшүндүрмө берди

  • 5 месяцев мурун

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тууну өзгөртүү мыйзамы качан күчүнө кирери тууралуу түшүндүрмө берди.

Алагөзов Фейсбук баракчасына жазгандай, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Гезит алдыдагы шейшемби күнү жарык көрөт.

«Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат. Белгилей кетсек, азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул президент Садыр Жапаровдун так тапшырмасы«, — деп жазды Алагөзов.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты