Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өтүп жатат.

«ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы жеринен кабарлагандай, акцияга 60га жакын адам чыккан. Алар «Желектин колуңду тарт!», «Афтандилге боштондук!», «Депутаттар элдин пикирин сыйлагыла!» деген талаптарды айтышууда.

Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98729
Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98730
Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98731
Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98735
Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98736
Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98729 (preview)Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98730 (preview)Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98731 (preview)Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98735 (preview)Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө #98736 (preview)

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты