“Асангазы жезденин айткандары”. Президент курултайда тууну өзгөртүүнү колдоп берүүнү өтүндү
- 10 месяцев мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров кечээ, 16-декабрда, экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирди. Мамлекет башчы тууну өзгөртүүнүн чоо-жайын түшүндүрдү жана курултай делегаттарынан колдоону өтүндү.
Анда президент Садыр Жапаровдун экинчи курултайдагы сөзүн толук келтирели.
-Желек кабыл алынганда жаш бала элем, жаңы үйлөнгөн, айылда болчумун. Анан желек кабыл алынып калды. Биздин үйгө коноктор келип калды, атамдын достору, бардыгы тарыхчылар, санжырачылар, шерине жешчү эле. Баарыбыз сүйүнүп, желек кабыл алынып калды деп. Арасында миң жылдык кыргыздын тарыхын билген, куйма кулак, биздин жезделер болуп кетет, Асангазы деген, көлдүктөр баары билет.
Ал айтты “Ай, атаңдын оозун урайын ай-йа, желегибиз күн карамага окшошуп калыптыр, ушуну оңдоп койсо болмок экен” деп. Анан “туй, атаң көрү, ушул жерде бир кыргыз жокпу, түндүгүбүз да туура эмес болуп калыптыр” деди. Көрсө, түндүк, ал кишилердин айтымында, үчтөн алты чамгарак турат да, ошону жалаң жамандыкка тигиле турган боз үйдүн түндүгүн коюп койбодубу” деп. Жакшылыкка тигилген боз үйдүкү беш болот, алты болот, сегиз болот, алты канат, он эки канат деп коебуз го, мына ошону айтты. «Эң болбогондо төрт кылып коюшпайт беле» деп. Көрсө биз кыргыздар, жалаң жамандык болгондо, кичинекей боз үйдү тиге коюп колдонот экенбиз. Бул миңдеген жылдардан бери келе жаткан экен. Бүгүн да уланып келет, туурабы, макулсуңарбы, ошого?
Бүгүн да уланып келе жатат, кичинекей боз үйдү тиге коебуз. Чоң боз үйлөрдү байлар, бийлер жасаган, кыргыз салтты кармайт да, жакшынакай кылып жасайбыз боз үйлөрдү. Ушинтип айтты эле да.
Андан бери ушул жерде олтурган мен курактуу, менден жогору курактуу, баарыңыздар эле билесиздер, күн карамага окшошуп калды деп эле келе жатабыз, жаштар аны билбейт, буга көнүп алдык деп ойлойм мен.
Мен кызматка келген үч жылдын ичинде отуздан ашык өлкөгө бардым окшойт, эки тараптуу жолугушуу болгондо, беш жерден мага суроо болду ушундай, өлкөңөрдүн приоритети эмне, айыл чарбасыбы, семичке өндүрүп, май чыгарасыңарбы деп.
Мен дароо эле желектен деп түшүндүм, бул катачылык менен кабыл алынып калган, оңдоп-түздөп койсок болот, биздики кен байлык, завод-фабрика, дыйканчылык деп түшүндүрөм.
Ошондон кийин келдим дагы, Нурлан Шакиевге айттым, желекти оңдоп-түздөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңештин компетенциясы, авторлорун чакырып, көрүп, кеңешип, балким күндүн нурун түздөп, балким боз үйдүн түндүгүн төрткө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мына мени тепкилегиле.
Дагы мындай деп каршы чыгып жатышат, буга “расход” болот деп жатат, паспорттор алмаштырылат, номерлер алмаштырылат ж.б. деп,, эчтеке алмаштырылбайт, бир тыйын “расход” кетпейт. Биз 30 жылдын ичинде 5-6 жолу паспорт алмаштырдык, эски паспорттор мөөнөтү өткөнгө чейин иштейт, жаңы берилген паспорттор гана жаңы менен кете берет. Дүйнөнүн 190 өлкөсүнө электрондук варианты жөнөтүлөт, «эски варианты мөөнөтү өткөнгө чейин жарактуу, жаңы варианты мобу деп». Бүттү, чет өлкөгө чыгасыңбы, мамлекетте жүрөсүңбү, паспорт алмаштырылбайт. Кааласаң алмаштырасың, каалабасаң, мөөнөтү өткөнгө чейин кармап жүрө бересиң.
Машинанын номерлери деле ошондой, жаңы берилип жаткандар жаңы менен кете берет, эскилери менен мага десең, 15-20 жыл жүрө бер.
Желектерди да массалык түрдө алмаштыруунун эч кандай кажети жок, жаңы чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүбүздө жана облустарда гана өзгөртүп койсок болот. Ага деле “расход” кетпейт.
Нурланбек мырза айтып калбадыбы спорсорлор бар деп. Аны мен айттым эле, ошончолук эле 50-60 желекти мен эле “зарплатымдан” алмаштырып берип коеюнчу деп. Анан сөзүмдүн акырында, ушул жерден сурай турган нерсе, кошуна өлкө Казакстандын президенти отуз жылдай отурбадыбы башкарып, борбор шаарын Астанага көчүрөрдө парламентине келип суранды, депутаттар деле каршы чыкты да, “Акмолого көчүрүш үчүн эмне деген сөз, кең далаа болуп жатат, сала албайсыңар, суук деп. Чынында Астанада “кутурган итти байлап койсоң турбайт”. Билесиңер ээ, суугун? Укмуш суук болот. Ошондо Назарбаев трибунада туруп айтты, “урматтуу эли-журтум, мен деле бир нерсени ойлонуп жатсам керек, бүгүн туулган күнүм экен, ошого белек катары макул болуп койгулачы” деп суранды. Казак парламенти ошондо бардыгы, 90-95 пайызы макул болуп колдоп берди. Азыр мына, Астананы карагыла, дүйнөнүн эң алдыңкы шаарларынын катарына кирип отурат.
Мен «борборду көчүрөм, башка шаар салам» деп суранган жокмун, мени желекти оңдоодо колдоп берип койгулачы. Мен силер суранган нерсени колдоп берип жатам, менин ушул бир суранычымды — желекти колдоп берип койгулачы. Желек эч кандай өзгөрбөйт, оңдоп-түздөп эле коелу. Түсүн башка, көк кылып жаткан жокпуз, ак кылып жаткан жокпуз, оңдоп-түздөө эле киргизип коелу. Колдойсуздарбы? -деди президент Садыр Жапаров 26-декабрда курултайда.
9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү
29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.
Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.
Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.
Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.
2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.