Тууну, гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган.

26-декабрда мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Бул документти Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды. Андан кийин анын камак мөөнөтү узартылды.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи элдик курултайдын акырында мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын Шакиевге айтканын, андыктан Шакиевди эмес “мени тепкилегиле” деп билдирген.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөн.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты