Жер тилкесин 10 жылга, андан кийин 25 жылга инвестициялык долбоорлорго берүү мыйзам долбоору ЖК комитетинде каралды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жер кодексине, Инвестициялар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участокторун берүү маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле инвестордун инвестициялык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
“Алгачкы баскычта жер участогун 10 жылга чейинки мөөнөткө, андан кийин 25 жылга чейин узартуу менен берүү сунушталат. Ошол эле учурда эгерде инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттемелерди тийиштүү түрдө аткарса жана жер участогун андан ары пайдалануу зарылдыгы жаралса, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин болушу мүмкүн” деди баяндама жасаган министрдин орун басары Беназир Нурланова.
Депутат Эркеайым Сейтказиева сунушталган өзгөртүүлөр муниципалдык менчик боюнча мыйзамдарга карама-каршы келерин белгилеп, киргизилип жаткан ченемдер боюнча пикирин билдирди.
Министрдин орун басары Нурланова аталган сунушту карап чыгышарын кошумчалады.
Министрдин орун басары мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн атайын порталга жайгаштырылганын айтып, бирок бир да сунуш келип түшпөгөнүн маалымдады.
Депутат Махабат Мавлянова сунушталган өзгөртүүлөр ири компанияларды гана колдоого багытталганын белгилеп, бардыгына бирдей колдоолорду көрсөтүүгө чакырды.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев бул жааттагы мыйзам долбоору 1992-жылы кабыл алынганына, 1999-жылы өзгөртүүлөр киргизилгенине токтолуп, баяндамачыларды мыйзам долбоору тууралуу туура түшүндүрүүгө үндөдү.
Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков аталган мыйзам долбоору калк арасында өзгөчө талкуу жаратып жатканын белгиледи:
“Ошол эле учурда чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү да ачып, жалпы экономикабызды алдыга жылдырат деген үмүттөр чоң. Бирок бүгүн негиздемеден башка, берилген суроолорго жүйөлүү жооп бере алган жоксуңар. Натыйжада эл арасында туура эмес түшүндүрүлүп, ар кандай кептер айтылууда” деди Самаков.
Комитет айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




