Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 28-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында референдум жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзамдын демилгечиси – президент.
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гүлнара Акимбаева белгилегендей, мыйзам долбоору референдум жөнүндө колдонуудагы мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган жана президент тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган Конституцияга ылайык келтирүүгө багытталган.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүүгө багытталган.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.
Сүрөт: kenesh.kg




