Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору кабыл алынды
- 3 недели мурун
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Айбек Алтынбеков жана Камила Талиева тарабынан демилгеленген.
Сунушталган конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, аны актуалдуу юридикалык терминологияга жана укук колдонуу практикасына шайкеш келтирүү, ошондой эле мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө аныкталган боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Каыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо шаршембү күнгө белгиленет. Буга чейин прездиентти шайлоо күнү 2027-жылдын 24-январына белгиленген. Эми шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.
Андан тышкары, жыйында ошол эле депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Тагыраагы, аталган мыйзам долбоору менен округдук шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдер киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөр мыйзамдардагы укуктук боштуктарды жоюуга шарт түзүп, округдук шайлоо комиссияларынын укуктук макамын бекемдөөгө, алардын шайлоо комиссияларынын тутумундагы ордун так аныктоого жана шайлоо процесстерин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




