Президентти шайлоону дайындоо мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү  

Президенттик шайлоону дайындоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Алгач ал комитетте каралат жана Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 22-сентябрдагы отурумунда каралат. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде болсо, жаңы мыйзам долбоорунда январь айынын төртүнчү жекшембисинде  деп берилген.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2026-жылдын 28-июлундагы президентти жана  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Конституциялык мыйзам, жалпысынан алганда, шайлоо администрациясын борборлоштурууга, каржылык тартипти жакшыртууга жана санариптештирүү элементтерин киргизүүгө багытталган.

Кабыл алынган түзөтүүлөрдүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоону дайындоо жана өткөрүү тартиби өзгөртүлдү.

 Түзөтүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоолор азыркы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын шаршембисинде, ал эми президентти кезектеги шайлоолор азыркы президенттин мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.

Эки учурда тең добуш берүү күнү жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, жумуш күнү катары эмгек акы сакталып, эс алуу күнү деп жарыяланат.

Илюстрациялык сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты