Мыйзам долбоору: Ысык-Көлгө кеме куруучу жай, эллинг, калкыма платформаларды куруу сунушталды

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө», «Ички суу транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 14-августтан тартып коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков жана Табылды Муратбеков.

Мыйзам долбоорунун негизги милдети болуп Ысык-Көл көлүнүн өзгөчө экологиялык режимин сактоо жана экологиялык коопсуздуктун талаптарын милдеттүү түрдө аткаруу менен заманбап туристтик жана чарбалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү тең салмактуу механизмди түзүү саналары белгиленди.

Мыйзам долбоору менен белгиленген талаптарды сактоо шартында курорттук, рекреациялык жана суу инфратүзүмүнүн иштөөсүн түздөн-түз камсыз кылуучу объекттерди, анын ичинде пирстерди, эллингдерди, причалдарды, сүзүүчү платформаларды, коомдук тамактануу жайларынын айрым объекттерин, санитардык-тиричилик объекттерин жана башка зарыл болгон инфратүзүмдү жайгаштыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү каралууда.

Мыйзам менен төмөнкүлөргө уруксат берүү сунушталууда:

— верфтерди, анын ичинде кеме куруучу жана кеме кыймылдаткычтуу кемелерди, инфратүзүмдөрү менен бирге сууда сүзүүчү башка каражаттарды (эллингдер, ангарлар, көмөкчү жайлар жана у.с.), аларды уюштуруу жана куруу/реконструкциялоо, оңдоо, модернизациялоону, тейлөө жана эксплуатациялоо сунушталууда;

-Министрлер Кабинетинин чечичми боюнча өзгөчө учурларды кошпогондо, көлдүн өзүнүн фаунасына коошпогон күнжели форель же балыктын бөлөк түрлөрүн багууга жана өстүрүүгө байланышкан садок чарбаларынын Ысык-Көлдө иштешине тыюу салуу;

-Балык кармоо үчүн монофильдик түйүнсүз торлорду пайдаланууга тыюу салынат;

-Өзгөчө учурларда ушул мыйзамдын 16-беренесинде көрсөтүлгөн рекреация объекттерин, ошондой эле жаратылыштык-чарбалык иштин объекттерин Ысык-Көлдүн суусунун жээк сызыгынан 100 метрлик зонада куруу Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат. 

-Ысык-Көл жээгинен 100 метрден аз аралыкта курорттук жана рекреациялык инфратүзүмдүн пирстер, эллингдер сыяктуу капиталдык эмес объекттерин, ошондой эле агынды сууларды тазалоо тутуму болгон шартта коомдук тамактануучу жайларды жана коомдук дааратканаларды курууга жана пайдаланууга уруксат берилет;

-“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда Ысык-Көлдүн суусунун жээк сызыгынан 100 метрлик зонада объекттерди курууга жана пайдаланууга уруксат берилет.

Мыйзам долбоору мнен ушул жана башка өзгөртүүлөр сунушталууда. Мыйзам долбоорунун коомдук талкуусуна катышып, өз ой-пикириңиздерди билдириңиз.

Сунуш-пикириңизди 0550 77-97-55 телефон номери же [email protected] электрондук дареги аркылуу билдирсе болору белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты