ТИМ: Тажик тараптын «Кыргызстандан учкучсуз учактар учурулуп жатат» деген божомолу чындыкка дал келбейт

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 21-сентябрда билдирүү жасап, анда Кыргызстан эки өлкөнүн УКМК жетекчилери кол койгон акыркы протоколдун бардык пункттарын аткарып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда  Тажикстан тарап чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жаткандыгы айтылды.  

“Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрүнүн жана каражаттарынын болушу жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан учкучсуз учактар учуп анын аба мейкиндигин бузуп жатат деген божомолдору чындыкка дал келбейт” деп айтылат КР ТИМдин билдирүүүсүндө.

Ошол  эле кезде тажик тарап чек ара посту тараптагы оор аскердик техникасын алып кетпегендигин да белгилеп өттү.   

“Өз кезегинде тажик тарап чек ара аймактарындагы Тажикстан Республикасынын Мургаб, Исфара жана Лахш облустарынын, ошондой эле «Тамдык» Баткен чек ара отрядынын чек ара заставасы жана «Катта-Туз» Лейлек чек ара отрядынын чек ара посту тарабында жайгашкан оор аскердик техникасын туруктуу жайгаштыруу пункттарына толук кайтарып кеткен жок.

Анын үстүнө тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, оор техникаларды алып кетимиш болуп, аларды жарандык транспорт катары жамынып алып, чек арадагы Ворух, Хожайлоо, Сурх жана Ляккон конуштарынын кварталдарына жайгаштырып жатат” деди ТИМ.

Ошондой эле чагымчыл ок атуулар да бир нече жолу болгон.

“Тажикстан Республикасынын Ворух анклавында жана Кызыл-Арт чек ара ашуусунда чагымчыл ок атуунун бир нече жолу катталган фактыларына карабастан, кыргыз тарап ок атышпоо режимин катуу сактоодо.

Компетенттүү органдар чек арадагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана турукташтыруу боюнча оор жумуштарды аткарып жаткан чакта, Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин мындай ойлонбой жасаган жана этиятсыз билдирүүлөрү деэскалация, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарат”

Кыргыз тарап, мурдагыдай эле, жетишилген макулдашууларды катуу карманып, тажик тарапты да ошондой эле абийирдүүлүк менен, анын ичинде тараптар кол койгон протоколдордун алкагында өз милдеттерин аткарууга чакырат.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты