Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду

  • 2 года мурун

16-сентябрда таңкы саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Саат 06:00дө тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштады.

Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты