Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-сентябрда кечинде, Кыргызстандын тышкы иштер мннистрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү жасады.

Анда ТИМ чек арадагы окуяны “Тажикстандын алдын-ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атады.

«Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринен улам 18-сентябрга карата Кыргызстандын 46 жараны курман болуп, 140 киши жаракат алды. 140 миңден ашуун адам аргасыз эвакуацияланды. Эбегейсиз материалдык чыгым келтирилди. Душанбенин «Тажикстан республикасына карата куралдуу агрессия жасалды» деген негизсиз билдирүүсүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга арта салууну көздөгөн суу кечпеген аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду» деп айтылат билдирүүдө.

Тажик тарап, Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискердитациялап, туура эмес маалыматтарды таратканын белгиледи. Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматтары чындыкка дал келбейт.

“Кыргыз тарапта бардык далилдер (фото жана видеоматериалдар) бар экендиги, анда агрессиянын башталышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында тажик аскерлеринин чектен ашкандыгы жана кылмыштары чагылдырылган. Керек учурда бул далилдерди кыргыз тарап берүүгө даяр” деп айтылат билдирүүдө.    

Ошондой эле Тажикстан аймактык бүтүндүктү, мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин, эл аралык  талаштарды тынчтык жол менен чечүү, күч жана коркутууга жол бербөө, адам укуктарын жана эркиндигин сактоо сыяктуу БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде каралган принциптерди бузгандыгы белгиленген.

Кыргызстан коргонуу гана позициясында аракет кылганы, тажик тараптан айырмаланып башка аймакты басып алуу максатын көздөгөн эмес. Ал эми тажик тарап Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирип, Тажикстандын аймактык  дооматы бар экенин далилдегени айтылат.

Тажик тарап макулдашууларга карабай, чек ара жана жарандык объекттерге куралдуу күч жана техника менен чабуул коюп,  Баткен жана Лейлек райондорунун Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду калктуу пункттарын басып алган.  

Тажик тараптын аракети мамлекеттер аралык жаңжалга жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратары айтылган. Кыргызстан Тажикстанды бардык маселени өз ара сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырды.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

КР саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябры, саат 17:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны — 140 адам, ал эми каза болгондордун жалпы саны – 46.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты