Султанбаев: Президент соцтармакта чек ара заставасын алды дегендерди «резервдик ротага» мобилизациялоону тапшырды     

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев чек ара постторунун алынышы тууралуу соцтармактардагы пикирлер боюнча Фейсбук баракчасына билдирүү жасап, так эмес маалымат тараткандарды курал-жарак берип, Баткенге «резервдик ротага» мобилизация кылуугу Коргоо министрине тапшырганын билдирди.    

-Президент Жапаров коргоо министрине “Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла”деген тапшырманы берди,- деди Эрбол Султанбаев.

Ошондой эле чек ара посттору делимитация жана демаркация болгонго чейин айылбай турганын айтты:

-Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти.

Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт.

Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет.

Ал эми “жерлерибизди алып коюшат” деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт.

Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот. Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок, -деди Эрбол Султанбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов кол коюлган протоколго ылайык, эки өлкөдөн тең төрттөн чек ара посту алынып салына турган болду.

-Протоколдун негизги мааниси- бүгүнкү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болуп жаткан конфликтти токтотуу, мындан ары конфликтке жол бербөө максатында кол коюлган протокол болду. Ал протоколдун негизинде конфликтке негиз болгон үч чоң постту алып салдык. Биринчиси — тажик тараптан “Бидок” чек ара заставасы, Кыргызстан тараптан «Тамдык» чек ара заставасы толук бойдон алынып, консервация болуп, ал жерде аскер кызматкерлери дагы, жөнөкөй адамдар дагы болбой турган болду. Экинчиси – кыргыз тараптан Булак-Башы, тажик тараптан “Көх” чек ара посттору, тажик тараптан  “Карачикхум”, кыргыз тараптан “Катта-Туз” посттору болук бойдон алынып, бир дагы аскер кызматкери жана жөнөкөй жарандар чыкпай турган болду. Андан сырткары кыргыз тараптан “Дача” посту, тажик тараптан “Шаршара” посту алына турган болду, -деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты