Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат

  • 2 года мурун


Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында  ведомстволор  аралык тергөө тобу түзүлүп,  тергөө иштери башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат.

Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда болуп, тиешелүү иштерин жүргүзө баштады.  Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш обьектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүп, жарандарга жеткирилишине да көзөмөл болууда. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана кошумча күчтөрдүн, Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер
кызматчыларынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайгуул иштерин күнү-түнү жүргүзүү, тергөө иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча облустун бардык аймактарына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Абал толугу менен көзөмөлдө
Андан сырткары, Баткен жана Лейлек райондорунда жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да  жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атууну баштаганын билдирген.

Соңку маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 163кө жетти.

Чек арадагы Тажикстандын кол салуусунн кеспетинен 59 адам мерт болуп, 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын nышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажик тарапты Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду» деп айыптады.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты