Жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти  

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 19-сентябрь саат 22:00гө карата Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунун айынан жабыркаган жарандардын саны 183 кишиге жетти, алардын 21и амбулатордук дарыланууга жиберилди. 162 киши ооруканада дарыланууда.  

Жабырлануучулардын көпчүлүгү (103 киши) Бишкек жана Ош шаарларынын ооруканаларында жатат.

Тажикстандын агрессиясынын айынан 59 адам мерт болду.   

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты