Эрбол Султанбаев билдирүүдөгү «мобилизация» деген сөздү алып салды

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Президент так эмес маалымат тараткандарды курал-жарак берип, Баткенге «резервдик ротага» мобилизация кылуу боюнча Коргоо министрине тапшырганы тууралуу билдирүүдөгү «мобилизация» деген сөздү алып салды.

Азыр ал постто мындай деп турат:   

-Президент Жапаров коргоо министрине “Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” чогултуп, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла” деген тапшырманы берди.

Эрбол Султанбаев билдирүүдөгү "мобилизация" деген сөздү алып салды

-Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.

Тараптар «Тамдык» заставасынын (КР) жана «Бедак» заставасынын (ТР), «Булак-Башы» постунун (КР) жана «Кех» постунун (ТР), «Катта-Туз» постунун (КР) жана «Каракчикум» постунун (ТР), Чайхан жериндеги «Ак-Сай» постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде «Шаршара» постунун (РТ) аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну жана мындан ары жайгаштырбоону макулдашты. 

Сүрөт: Социалдык тармактан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты