Ташиев: Биз Тажикстандын армиясы же чек ара кызматы менен эмес, кандайдыр чочун кишилер менен конфликтке бардык  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздк боюнча мамдекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевжурналисттерге биз Тажикстандын армиясы же чек ара кызматы менен эмес, кандайдыр ччочун кишилер менен жаңжалдаштык деп билдирди

-Биз туруктуу армия же чек ара кызматы менен конфликте барган жокпуз. Биз кандайдыр чоочун кищилер менен конфликтке бардык. Аларды кандай деп атоону мен билбей турам, балким биздин чек ара кызматына өтө орой караган боевиктер менен конфликтке бардык. Ал эми бул конфликтте биз тараптан чек арачыар гана катышты, -деп билдирди Камчыбек Ташиев.   

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты