Баткен:  92 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайта баштады  

  • 2 года мурун

Баткен облусунда 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-сентябрда билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  200 гө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 жаран эвакуациялык пункттарда, 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: Медиа штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты