Чек араны коргоодо танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди

Бүгүн, 26-сентябрда, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.  

Чек араны коргоодо танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди
Чек араны коргоодо танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди
Чек араны коргоодо танк ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты