ӨКМ: «Алдын ала маалымат боюнча Баткенде 282 объект талкаланды»

  • 2 года мурун

Алдын ала маалымат боюнча Баткенде 282 объект талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тажикстандын кол салуусунан облус боюнча 282 турак жай, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык объект, 300гө жакын жашоо тиричилик камсыздоочу обьекттер талкаланып, өрттөнгөн. Мындан сырткары 9 унаа күйгөн. Түзүлгөн коммисиянын текшерүү иши учурда да уланып жаткандыктан, бул сан өзгөрүшү мүмкүн.

Соңку маалыматка ылайык, 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан.Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары иштеп жатат. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан. Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты