ТИМ Эквадорго барбай турууну сунуштайт

  • 4 месяца мурун

Эквадордун Кито шаарында уланып жаткан баш аламандыкка байланыштуу кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо Кыргыз Республикасынын жарандары да жок.

2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Д.Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.

Ошону менен бирге министрлик өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Министрликтин Консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана Элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.

ЖМК маалыматтарына караганда, Эквадордо уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин абактан качып, дайыны чыкпай жатканына байланыштуу 8-январда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бир канча шаарда, анын ичинен баш калаа Китодо полициянын кеминде жети кызматкери барымтага алынды.

Куэнка калаасында белгисиз адамдар аскердик жүк ташуучу унаага колдо жасалган бомба ыргытышкан. Полиция Эсмеральда провинциясында үч жолу жардыруу болгонун кабарлады.

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа 21 кылмыштуу топту террордук жана мыйзамсыз деп атап, «ички куралдуу кагылышуу» режимин жарыялаган жарлык чыгарды. Куралдуу күчтөрдүн башчысы Хайме Вела «жарлыкта айтылган ар бир террордук топ бута болуп саналат» деди. Эквадордун борбору Китонун тарыхый борборуна танкалар жайгаштырылганын Ecuavisa басылмасы жазды.

Жекшемби күнү катуу режимдеги абакта «Чонерос» кылмыштуу тобунун башчысы дайынсыз жоголгон. Фито деген каймана ат менен белгилүү Адольфо Макиас Вильямарды түрмө кызматкерлери эртең менен камерадан таппай калышкан.

Шейшемби күнү түрмөлөрдүн биринен 32 туткун качып кеткен, алардын арасында «Лос-Лобос» мафиясынын лидери Фабрисио Колон Пико да бар. Ал өлкөнүн башкы прокурорун өлтүрүүгө даярданган деген айып менен беш күн мурда камакка алынганын Би-Би-Синин Эквадордогу кабарчысы билдирди.

Өлкөнүн алты провинциясындагы түрмөлөрдө башаламандыктар чыгып, полициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери аны күч менен токтотууга аргасыз болгону айтылууда.

Телеканалга бастырып киргендер менен түрмөдөн качкандардын ортосунда байланыш бар же жок экени азырынча белгисиз.

Перунун өкмөтү Эквадор менен чек арасына өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жерге кошумча полиция жана аскер күчтөрүн жайгаштырууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты