Кореядагы массалык мушташта Кыргызстандын бир нече жараны жабыркады
- 6 дней мурун
- Жаңылыктар
3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Кореянын Пхентхэк шаарындагы массалык мушташта Кыргызстанын бир нече жараны жабыркады.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Ошол эле күнү Кыргызстандын Кореядагы консулу барды жана кармалган Кыргызстандын жарандары менен, ошондой эле Кореянын укук коргоо жана медицина тармагынын кызматкерлери менен жолугушту.
Консулдук тарабынан жарат алган Кыргызстандын жарандары абалы көзөмөлгө алынып, кармалгандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чаралары көрүлүүдө.
3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Кореяда 15 тей киши катышкан массалык мушташ болгону кабарланган, эки киши кармалган, алардын бири Кыргызстандын жараны болуп чыккан.
Сүрөт: Yonhap
Муну бөлүшүү




