ТИМ Элистан Токтогуловдун согушка тартылып жатканы боюнча Россияга нота жөнөттү  

  • 2 часа мурун

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги Элистан Токтогулов аттуу кыргызстандык жаран алдамчылык аракеттердин натыйжасында аскердик бөлүктөрдүн биринде жүргөндүгү боюнча ЖМКда жарыяланган репортажга байланыштуу, аталган жарандын Мекенге тез арада кайтарылышын камсыз кылуу боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 5-ноябрда билдирди.  

Кыргыз Республикасынын элчилиги бул факты боюнча текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Россиянын компетенттүү органдарына расмий кат жөнөттү.

Кыргыз Республикасынын элчилиги Элистан Токтогуловдун жакын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, аталган маселени өз көзөмөлүнө алганын жана тиешелүү жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантаарын белгиледи.

Ошол эле учурда министрлик жарандарды ар кандай кесепеттерге жол бербөө максатында келишимдерге жана башка документтерге кол коюудан мурда алардын мазмунун кылдат окуп чыгып, кабыл алып жаткан милдеттенмелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.     

4-ноябрда Манас шаарында Украинадагы согушка жиберилип жаткан кыргызстандык Элистан Токтогуловдун жакындары ал алданып, Орусияга кетип, ал жакта коркутуу жолу менен согушка жиберилгени жатканы айткан.Анда алданган баланын агасы Баястан Куштарбек уулу Элистан Россияга жумушка чакырылып, бирок ортодо алданып, согушка жиберилип жатканын билдирген.  

Иллюстрациялык сүрөт: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты