Батма Жолболдуеванын жөө жүрүшү: Баткен облусунун өкүлчүлүгү билдирүү жасады
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Блогер Батма Жолболдуеванын Бишкекке карай жөө жүрүшүнө байланыштуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирүү жасады
18-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов анын коопсуздугун эске алып, маселесин тактоо, мыйзам чегинде чечүү жолдорун түшүндүрүү тапшырмасын берген. Тапшырмага ылайык, өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылында Батма Жолболдуева менен жолуккан. Жолугушууда анын маселесин мыйзамда белгиленген тартипте чечүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок Батма Жолболдуева макул болбой, Бишкек шаарына карай жолун уланткан. Мындан тышкары, облустук бийлик тарабынан Батма Жолболдуеваны президенттин кабыл алуусуна киргизүү маселеси боюнча президенттик администрация менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
«Президенттин администрациясы тарабынан мамлекет башчынын Баткен облусунун тургундары менен жолугушуусун өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилип жатканы маалымдалган. Ага ылайык, жеке кабыл алууга кире турган жарандардын тизмеси түзүлүп, президент менен макулдашылгандан кийин тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алуу уюштурулааары айтылган. Учурда Президенттин жеке кабыл алуусунун так күнү жана убактысы белгилене элек» деп айтылат маалыматта.
Батма Жолболдуева 11-октябрда президент Садыр Жапаровдун, Баткен облусундагы эл менен жолугушуусунда жеке маселесин президентке айткан. Жолболдуеваны жеке маселеси боюнча облус башчысы бир канча жолу кабыл алган. Анын маселеси боюнча чечим кабыл алуу жагы көбүнчө укук коргоо органдарына сунушталган.
Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыккан. Ал билдирүү боюнча милиция чара көрбөгөндүгүн жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып келет.
2023 жылы 23-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.
Сүрөт: Батма Жолболдуева. Интернет булактарынан




