Аскат Жетиген саясат менен алектене турганын айтты
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Активист жана ырчы Аскат Жетиген саясатка киришкенин коомчулукка жарыялады.
Мен саясатка кириштим. Арийне, мындан аркы алпара турган ишмердүүлүгүм конструктивдүү түрдө саясий позициямдын алкагында болмокчу. Позициям мурда кандай болгон болсо, мындан кийин да ошондой болот, -деди Аскат Жетиген.
-Көпчүлүк менин мындан аркы ишимдин жана ишмердүүлүгүмдүн кандай болушуна чоң кызыгуу менен карап турганын байкадым. Чыгармачылык менен алек болоорум же саясат менен кетээрим тууралуу билгиси келгендер көп экен. Бул абдан жакшы. Демек, бул менин үнүм элге жетип, айта турган оюмдун коомчулук үчүн кызыгуу туудуруп турганынын белгиси. Бул мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик болсо, саясий айдыңда менин кадыресе салмагым бар экендигин айтып турат. Ал эми, “чыгармачылык эмне болот?” деген суроого жооп: Менин саясатта алпара турган ишим дал ушул маданияттын, тарыхтын, о.э. кыргыз салттык музыкасынын актуалдуулугун арттырып, дэңгээлин дүйнөгө жайылтуунун камын көрүүдө болот, -деди Аскат Жетиген социалдык тармакта.
19-августта ырчы Аскат Жетиген үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.
14-15-16-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда ырчы Аскат Жетигендин концерти өттү.
2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөттө: Аскат Жетиген. Интернет булактарынан




